Спорт мамагенттигин Мирлан Парханов башкарып турмай болду

Мекеменин жетекчиси Канат Аманкулов шайлоого катышууну чечкендиктен убактылуу кызматтан четтетилген. Ал эми Парханов анын орун басары болуп иштечү.
Sputnik

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги директорунун милдетин Мирлан Парханов аткарып турмай болду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Тийиштүү буйрукка өкмөт башчы Кубатбек Боронов кол койгон.

Министр Улукбек Кочкоров кызматынан бошотулду

Эске сала кетсек, Спорт агенттигинин жетекчиси Канат Аманкулов шайлоого катышууну чечкендиктен убактылуу кызматтан четтетилген. Ал эми Парханов буга чейин анын орун басары болуп иштечү.