Мындан ары Ош шаарында базарлар бир күн түшкө чейин гана жабылат

Буга чейин коопсуздук чараларына байланыштуу дүйшөмбү жана жума күндөрү эртеден кечке жабылып жаткан.
Sputnik

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Ош шаарындагы базарларда мындан ары дезинфекциялоо иштери ар дүйшөмбү күнү түшкө чейин гана жүргүзүлөт. Бул туурасында калаа мэриясынан билдиришти.

Мындан ары Ош шаарында базарлар бир күн түшкө чейин гана жабылат

Белгилей кетсек, буга чейин коопсуздук чараларына байланыштуу дүйшөмбү жана жума күндөрү эртеден кечке жабылып жаткан.

Жума намазын мечитте окууга уруксат берилип, муфтият эрежелерди эскертти

Мындан кийин аптасына эки күн эмес, дүйшөмбүдө түшкө чейин гана жабылат. Ал эми жумада кадимки тартипте иш алып барары айтылды.