National Interest "Армата" танкынын артыкчылыгына таң берди

Россиядан чыккан жаңы танк чалгын операцияларын жүргүзүп, бутаны аныктап, артиллериялык түзүлүштөн, ракеталык системалардан жана Т-90 танктарынан ок чыгарууну оңдоп-түзөө процессине катыша алары айтылат.
Sputnik

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Россиянын өзү жүргөн Т-14 "Армата" танкын чыгаргандар алыстан башкарылчу машинанын баары тушуккан көйгөйдү чечти. Мындай пикирин америкалык публицист Питер Сучиу National Interest басылмасына айтканын РИА Новости жазды.

Буга чейин Т-14 "Армата" танкы аралыктан башкарылып, сыноодон өткөнү айтылган.

Публицисттин айтымында, техниканын абалга жараша ийкемдүү боло алышы аралыктан башкарылчу аппараттарга тиешелүү болгон маанилүү маселе. Т-14түн авторлору танктын корпусунун бардык жерине видеокамера орнотуп, бул көйгөйдү чечип беришкен. Камералар 360 градус диапазондо айлананы көрүүгө мүмкүнчүлүк берип, экипажды абал тууралуу кабардар кылып турат.

"Армата" экспортко чыгат: россиялык жаңы Т-14 танкын биринчи ким алат?

Танктын дагы бир артыкчылыгы катары Сучиу анын мунарасын атаган. Анда автоматташтырылып октолуучу 125 миллиметрлик 2А82-1М негизги замбирек жайгашкан.

Эксперт Т-14түн саатына 90 чакырым жүрө алчу жөндөмүн да белгиледи. Анын айтымында, мындай артыкчылык машинанын мобилдүүлүгүн америкалык M-1 Abrams танкына караганда бир топ арттыра алат.

Мындан тышкары, Россиядан чыккан жаңы танк чалгын операцияларын жүргүзүп, бутаны аныктоо, артиллериялык түзүлүштөн, ракеталык системалардан жана Т-90 танктарынан ок чыгарууну оңдоп-түзөө процессине катыша алары айтылат.

Дүйнөдө Т-15 "Арматанын" теңдеши жокпу? Cууга чөкпөс, отко күйбөс курал

Т-14 душман менен бетме-бет каршылашууда, мотоаткычтар бөлүмүнүн чабуулун колдоодо, жашырынып жаткан душман менен беттешүүдө колдонулган үчүнчү муундагы жалгыз танк.