БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Москва шаарынын Одинцово районундагы көп кабаттуу үйдөгү жарылуудан 21 жаштагы кыргызстандык жигит жабыркап, ооруканага түштү. Бул тууралуу КРдин Россиядагы элчилигинен кабарлашты.
Алдын ала маалымат боюнча, үйдөгү газ баллон жарылганы айтылууда.
Эс алам деп... Хакасиядагы жол кырсыгында кыргызстандык жигиттер каза болду
"Кырсыктан үч киши жабыркаган. Анын бирөө кыргызстандык жаран, бирөө тажикстандык, дагы бирөө 89 жаштагы россиялык жаран. Кыргызстандык жигит күйүк борборуна жеткирилди, абалы орточо оор деп бааланууда. Элчиликтин кызматкерлери анын саламаттыгына көз салып жатат", — деп айтылат маалыматта.
Ушул тапта териштирүү иштери жүргүзүлүп жатканы айтылып, газ баллондун жарылышынан тышкары башка версиялар да каралууда.