"Барселона" Лионель Месси клубдан кетүүгө камынып жатканын ырастады

Алдын ала маалымат боюнча, жакынкы күндөрү "Барселонанын" директорлор кеңеши чукул жыйынга чогулат.
Sputnik

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. "Барселона" Лионель Мессиден каталониялык клубдан кетери туурасында расмий билдирүү алды. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Буга чейин ЖМКлар футболчу "Барселонадан" башка командага кетишине уруксат беришин сурганын жазып жатышкан. Ошондой эле Месси келишимде көрсөтүлгөн "ар бир сезондун аягында бир тараптуу макулдашууну бузууга болот" деген пункту пайдаланары айтылган.

ЖМК: "Бавариядан" ири эсепте утулган Месси "Барселонадан" кетерин жар салды

Өз кезегинде "Барселона" ал пунктуну бул жылы колдонуу мүмкүн эмес экенин айткан, себеби анын мөөнөтү 10-июнда бүтүп калган. Деген менен Месси коронавирус пандемиясынан улам сезон эми гана аяктаганын жүйө келтирүүдө. Мындан улам ал дүйнөдө жаралган кырдаалга байланыштуу пунктту өзгөртүүгө болорун белгилеген.

Алдын ала маалыматтар боюнча, "Барселонанын" директорлор кеңеши жакынкы күндөрү чукул жыйынга чогулат.