БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Жыл башынан бери насыя менен депозиттердин көлөмү алда канча өстү. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, банк системасынын туруктуу өнүгүп бара жаткандыгын далилдеген көрсөткүчтөр бар.
"Депозиттик база менен кредит алгандардын саны өсүп бара жатат. Мисалы, банкка аманат акча бергендер биринчи жарым жылдыкта тогуз пайызга көбөйүп, каражат 164 миллиард сомго жетти. Кредиттик портфель январь-июнь айларында 4,7 пайызга жогорулады. Бул 153 миллиард сом", — деди төрага.
Жыл башында калктын акчалай кирешелери көбөйгөн
Ошондой эле Абдыгулов кредит менен депозиттерди долларлаштыруу март, апрель айларында күч алып, кайра акырындап төмөндөй баштаганын айтты. Ушул тапта депозиттердин 40,6 пайызы, кредиттердин 34,1 пайызы АКШ валютасы менен эсептелген.