БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустан 292 киши оорудан айыкса, дагы 113 бейтап вируска кабылды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Ага ылайык, акыркы суткада COVID-19дан сакайып чыккандар төмөнкү аймактарда катталды:
- Бишкек — 137;
- Ош шаары — 1;
- Чүй облусу — 20;
- Ош облусу — 30;
- Талас облусу — 8;
- Нарын облусу — 8;
- Ысык-Көл облусу — 30;
- Жалал-Абад облусу — 29;
- Баткен облусу — 29.
Ал эми COVID-19 илдетине кабылгандар өлкөнүн бардык жеринде болгон:
- Бишкек — 42;
- Ош — 3;
- Чүй облусу — 8;
- Ош облусу — 12;
- Талас облусу — 1;
- Нарын облусу — 3;
- Ысык-Көл облусу — 16;
- Жалал-Абад облусу — 7;
- Баткен облусу — 21.
Расмий маалымат боюнча, өлкөдө 43 358 киши коронавирусту жуктуруп, анын 37 217си сакайды.
Ошондой эле бир сутка ичинде төрт медик коронавирус жуктуруп алса, дагы үчөө ооруканалардан айыгып чыккан. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында 3 114 учур катталды, алардын 2 390у айыкты.