Жалал-Абаддын коронавирус азайбай жаткан аймактарында чектөө күчөтүлөт

Облус жетекчиси район менен шаар башчыларына медиктердин көрсөтмөлөрүнө ылайык күчөтүлгөн тартипте натыйжалуу иш алып баруу керектигин айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Жалал-Абадда оору азайбай жаткан аймактарда чектөөлөр мурдагыдан дагы күчөтүлөт. Бул тууралуу облус башчысы Нурболот Мирзахмедов ыкчам штабдын жыйынында билдиргенин өкүлчүлүктүн маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, учурда Сузак, Аксы жана Ала-Букада бейтаптардын саны азайбай жаткандыктан, ооруну мындан ары жайылтып жибербөө тапшырмасы берилген.

Кырдаал кооптуу. Баткен менен Жалал-Абадга дарыгерлер жөнөтүлөт

"Облус башчысы район менен шаарлардын жетекчилерине медицина кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүнө ылайык күчөтүлгөн тартипте натыйжалуу иш алып баруу керектигин айтты. Оору катталган даректерди тактоо менен ага карата карантиндик чектөөлөрдү кабыл алуу тапшырмасын берди. Ага кошумча, башка аймактарда чакыруулардын саны азайгандыктан, мобилдүү топторду кыскартуу керектиги белгиленди", — деп жазылган маалыматта.

Жалал-Абад облусунда илдет менен жалпы жонунан 4 миңден ашык бейтап катталган.