Тажикстан: жалгыз оппозициялык партиянын лидери президенттик шайлоодон баш тартты

Тажикстанда 11-октябрь күнү президенттик шайлоо өтөт. Бүгүнкү күндө өлкөдөгү жети саясий партиянын ичинен төртөө талапкерлерин көрсөттү.
Sputnik

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Тажикстанда жалгыз оппозициялык партия болуп эсептелген Социал-демократтар партиясынын лидери Рахматилло Зойиров президенттик шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан агенттиги жазды.

Ал чындай чечиминин бир нече себеби бар экенин айткан.

"Биринчиден, президентти шайлоо тууралуу мыйзам Конституцияга туура келбейт. Ошондой эле добуш берүү быйылкы жылдын 11-октябрына белгилениши мыйзамсыз, мөөнөтүнөн эрте болуп калды. Мындан тышкары, шайлоого катышуу үчүн ар бир талапкердин 250 миңден кол топтошу мүмкүн эмес. Анткени шайлоочулардын 10 пайызы мигранттар, сыртта жүрөт", — деди Зойиров.

Тажикстанды Рахмондун ордуна башкарам деген алгачкы талапкер белгилүү болду

Эске салсак, Тажикстанда 11-октябрь күнү президенттик шайлоо өтөт. Бүгүнкү күндө өлкөдөгү жети саясий партиянын ичинен төртөө талапкерлерин көрсөттү.