4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоодо добуш берчү жарандар өзүн тизмеден текшерип коюшу керек. Ал үчүн tizme.gov.kg порталына кирип, тактап алса болот. Бул тууралуу Абдыжапар Бекматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда жер-жерлерде шайлоочулардын тизмесин тактоо иштери жүрүүдө.
"Мурда шайлоочулардын тизмесин Мамлекеттик каттоо кызматы тактачу, кийин мыйзамга өзгөртүү киргизилип, бул иштер БШКга өттү. Андыктан учурда бардык жерде тизме тактоо иштери жүрүп жатат. Шайлоочулар өзү тууралуу маалыматтардын так киргизилгендигин текшерип коюусу зарыл. Өзү жашаган аймактагы шайлоо участкасына барып форма1 аркылуу же мамлекеттик tizme.gov.kg порталына кирип, текшерип алса болот. Бул шайлоого 15 календарлык күн калганга чейин, тагыраагы, 20-сентябрга жеткирбей жасалышы керек", — деди Бекматов.
Түндө чыккан чыр. БШК "Кыргызстан" партиясынын чуусу боюнча чечим чыгарат
Ал ошондой эле бардык кыргызстандыктарды шайлоого катышууга үндөдү.