Россияда COVID-19га каршы вакцинаны жаңыча сыноого уруксат берилди

Россия дүйнөдө алгачкылардан болуп коронавирусту алдын алуучу дарыны иштеп чыгып каттоого алганын жар салган. Вакцина "Спутник V" деп аталат.
Sputnik

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Россиядагы Гамалея атындагы илимий-изилдөө борборуна COVID-19га каршы вакцинаны каттоодон өткөндөн кийин сыноо иштерине уруксат беришти. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Россия дүйнөдө алгачкылардан болуп коронавирусту алдын алуучу дарыны иштеп чыгып каттоого алганын жар салган. Вакцина "Спутник V" деп аталат.

Жүзүңөн таанып, өзү чечим кабыл алат. РФте бөтөнчө тепловизор иштелип чыкты

Дарыны өндүрүүдө Россиянын Түз инвестициялар фонду да каржылык жардам көрсөткөн. Анын жетекчиси Кирилл Дмитриев учурда 20 өлкөдөн миллиард доза сатып алуу боюнча суроо-талап бар экенин билдирген.