Ар бир өкмөт мүчөсү өнүкпөй жаткан бизнеске куратор болуп, маселесин чечип берет

Куратор ишканада кандай көйгөй чыкса, ошону чечүүгө жардам берет. Башында жетекчи менен биргеликте мекемени саздан алып чыгуу боюнча иш план түзүп, өкмөткө бекиттирип алат.
Sputnik

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Өкмөт бутуна тура албай жаткан бизнес долбоорлорго куратордук кылып, майда-чүйдө маселесине чейин чечип берүүнү колго алганы жатат. Бул тууралуу брифинг учурунда премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтыманда, Кыргызстанда болор-болбос бюрократиялык маселелердин айынан тыңып кете албай жүргөн ишканалар арбын. Аларга кураторлук механизмди ишке киргизүү долбоорунун алгачкы этабында менчигинин түрүнө карабай 40 ишкана колго алынат.

"Алардын ичинде 30у акционердик коом же жеке ишкерлердин чакан бизнестери бар. Ал эми калган 10у инвестициялык долбоорлор", — деди Боронов.

Карантин учурунда кайсы аймактын эли көбүрөөк микрокредит алды

Ким куратор болуп, кандай жардам берет?

Премьердин айтымында, ар бир өкмөт мүчөсү бирден мекемеге кураторлук кылат. Бирок бул ал жакка башкаруучулук кылып, текшерсе болот дегенди түшүндүрбөйт.

"Куратор кандай көйгөй чыкса, ошону чечүүгө жардам берет. Негизгиси ишкананы саздан алып чыгуу боюнча иш план түзүп, өкмөткө бекиттирет. Ошондой эле мекеменин жетекчиси менен биргеликте жума сайын кандай иштер кылынып жаткандыгы тууралуу отчет берет", — деди Боронов.

Өкмөт башчынын пикиринде, бул нерсе бизнестин өнүгүшүнө жана жаңы жумуш орундарынын пайда болушуна жардам берет.