Мэрия Бишкектеги ондогон жарнама такталарды алат

Мэрия мыйзамсыз объектилерди бузууда эч кандай материалдык жана моралдык кенемте төлөнбөй турганын эске салат.
Sputnik

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Бишкек шаарында 58 компаниянын жана ишкерлердин жарнама такталарынын ижара акысын төлөө келишиминин мөөнөтү аяктады, алар орнотулган жерден алынышы да мүмкүн. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Мэриядан кабарлагандай, жер пайдалануу эрежесине ылайык, ижара алуучу жер берүүчүгө кат жүзүндө кайрылып, жер тилкесин убактылуу пайдалануунун мөөнөтүн мыйзамдуу түрдө узартып алууга милдеттүү.

"25-августка карата 58 компаниянын жана ишкерлердин жарнама такталары орнотулган жайды ижарага алуу боюнча келишимдеринин мөөнөтү аяктады. Аны узартуу боюнча мэрияга кат жүзүндө билдирүүлөр азыркыга чейин түшө элек. Ижара алуучулар беш күндүн ичинде шаар тургундарынын алдындагы бардык милдеттенмелерин аткарышы керек. Болбосо, белгиленген тартип боюнча жарнама такталарын бузууга туура келет", —  деп айтылат билдирүүдө.

Мэрия Маданият министрлигине тазалыкты сактабагандыгы үчүн айып салды

Мэрия мыйзамсыз объектилерди бузууда эч кандай материалдык жана моралдык кенемте төлөнбөй турганын эске салат.