Кайыр сураган балдарды көрсөңөр чалгыла! Мэрия телефондорду жарыялады

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 111 номери да күнү-түнү иштээри айтылды. Рейд учурунда табылган балдардын сегизи ата-эне, туугандарына өткөрүп берилген.
Sputnik

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Мэрия Бишкекте кайыр сураган балдарга рейд жүргүзүп, аларды көрүп калгандар үчүн ишеним номерлерди жарыялады.

Ага ылайык, балдарга аёосуз мамиле жасагандарды же кайырчылык кылып жүргөн бөбөктөрдү көрүп калгандар 102 номерин терип милицияга кабарласа болот. Ошондой эле райондук үй-бүлөнү коргоо бөлүмдөрүнө да кайрыла алышат.

Телефондору:

  • Октябрь району, Назгүл Солтонбаева — 510375, 0772637987;
  • Ленин району, Нуриза Сталбекова — 883899, 0502021404;
  • Свердлов району, Тамара Акжолтоева — 530576, 0706821676;
  • Биринчи май району, Айбек Бекетаев — 670386, 0553 225 905.

Мындан сырткары, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 111 номери да күнү-түнү иштээри айтылды.

Мэрия Свердлов району боюнча кайырчылык кылган 13 бала табылганын кошумчалады. Алардын ичинен сегизи ата-энесине, туугандарына өткөрүп берилсе, бирөө реабилитациялык борборго жеткирилген. Төртөө милициянын каттоосуна алынган.