Бишкекте биометрикалык каттоо жанданды. Даректер

"Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" мыйзамына ылайык, ар бир жаран биометрикалык каттоодон өтүүгө милдеттүү.
Sputnik

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Бишкекте 24-августтан тарта биометрикалык маалыматтарды жыйноо иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

"Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" мыйзамына ылайык, ар бир жаран биометрикалык каттоодон өтүүгө милдеттүү. Андыктан жашы 16дан өткөн, жеке маалыматтарын тапшыра элек жарандарды чакырабыз", — деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстанда ID-картанын баасы кымбаттайт. Себеби

Кайсы даректерге кайрылса болот:

  • Биринчи май району боюнча — "Тазалык" ишканасынын базасында. Дареги: Ростовский, 19б;
  • Свердлов району боюнча — Дордой жаңы конушундагы № 94 орто мектеп;
  • Октябрь району боюнча — акимчиликтин имараты. Дареги: Байтик баатыр, 17;
  • Ленин району боюнча — № 57 орто мектеп. Дареги: Интергельпо, 2.

Жарандын жанында паспорту болушу керек.