Шаршембиге карата аба ырайы

Түнкүсүн кээ бир райондордо жамгыр жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Sputnik

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Шаршемби күнү, 26-августта, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, ал эми айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Шашылыш билдирүү! Апта ортосунда күн сууктайт

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +22...+27, Талас аймагында +18...+23, Ысык-Көлдө +18...+23 жана Нарын жергесинде +20...+25 градуска жетет.

Борбор калаада жана Ошто мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Күндүн табы Бишкек менен Ошто +25...+27, ал эми Чолпон-Атада +18...+20 градус болот.