БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Бишкек мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.
УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы (ККК) белгилегендей, мэрия кызматкери коомдук тамактануу жайын текшерген учурда мыйзам бузууларды аныктаган. Тамактануу жайынын айрым бөлүгүн бузам деп коркутуп, маселени оң жагына чечүү жана аны жаап-жашыруу үчүн мүлк ээсинен 100 миң сом пара талап кылган. Мэрия кызматкери ошондой эле алардын кыңыр иштерин калкалоону убадалап, ал үчүн туруктуу "сый акы" сураганын УКМК белгилейт.
3 кг алтын уурдашкан. Бишкекте үч милиционер кармалды
"25-августта УКМКнын КККнын ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө 50 миң сом пара алып жаткан жеринен Бишкек мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкери кармалды", — деп айтылат билдирүүдө.
Сотко чейин өндүрүштүн материалдары кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "Пара талап кылуу" беренеси менен катталган. Шектүү УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген.