БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Президент Дональд Трамп Америка кайсы бир убакта Кытай менен бизнес жаатында такыр иштешпей коюшу мүмкүндүгүн айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Трамптан Fox News телеканалынын журналисти "Америка Кытай менен экономикалык алакасын токтотуп салууга барабы?" деп сураган.
"Бул абдан кызыктуу суроо. Себеби биз ушул кезге чейин Кытайдан эч нерсе алган жокпуз. Акчабызды жоготконубуз эле болбосо. Алар биз менен туура эмес сүйлөшүп жатат. Мен бул тууралуу ойлонуп көрөм", — деген АКШ лидери.
АКШ: Ухань COVID тууралуу маалыматты борбордук бийликтен жашырган
Белгилей кетсек, соңку учурда АКШ бийлиги, анын ичинде президент баш болуп Кытайды коронавирусту чыгарган, өз убагында чара көрбөй жайылтып жиберген, фактыларды жашырган деп байма-бай күнөөлөп келет. Ал эми Кытай башынан бери маалыматтар ачык-айкын болгонун кайталайт.
Ошондой эле Трамп Кытайга таандык WeChat, TikTok өңдүү сервистери улуттук коопсуздукка коркунуч келтирет деп өлкөсүндө иштетпөөгө далалат кылып келет.