Шейшембиге карата аба ырайы

25-августта түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Калган аймактарда жамгыр жаабайт.
Sputnik

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Шейшемби күнү, 25-августта, күндүз айрым райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +27...+32, Талас аймагында +25...+30, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +29...+34, Ысык-Көлдө +25...+30 жана Нарын жергесинде +26...+31 градус болот.

Күндүн табы борборубуз Бишкекте +29...+31, Ошто +32...+34, ал эми Чолпон-Атада +25...+27 градуска жетет.