ПСЖдан келген футболчу франциялыктарга гол киргизип, "Баварияны" чемпион кылды. Видео

ПСЖнын мурдагы футболчусу, учурда "Бавариянын" намысын коргогон Кингсли Коман киргизген гол беттештин тагдырын чечти.
Sputnik

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Германиянын "Бавария" клубу УЕФАнын 2019/2020-жылдагы Чемпиондор лигасы мелдешин жеңип алды. Бул тууралуу уюмдун расмий сайтында айтылат. 

Финалдык беттеште "Бавария" франциялык "Пари Сен-Жермен" (ПСЖ) клубун утту. ПСЖнын мурдагы футболчусу, учурда "Бавариянын" намысын коргоп жаткан Кингсли Коман беттештин 59-мүнөтүндө башы менен киргизген жалгыз гол беттештин тагдырын чечип, мюнхендиктерге чемпиондук кубокту алып берди. 

​Финалдын биринчи бөлүгүндө париждиктер уюштурган бир нече жолку чабуул ийгиликсиз аяктады. Өтө ыңгайлуу жерден тебилген топторду "Бавариянын" дарбазачысы Мануэль Нойер кайтарып жатты.

ПСЖдан келген футболчу франциялыктарга гол киргизип, "Баварияны" чемпион кылды. Видео

"Дордой" кезектеги жеңишти камсыздап, чемпиондук жарышта алдыга озду

Беттеште башка гол болгон жок. Мюнхендик "Бавария" ушуну менен өз тарыхында УЕФАнын Чемпиондор лигасы мелдешин алтынчы ирет утту. 

ПСЖдан келген футболчу франциялыктарга гол киргизип, "Баварияны" чемпион кылды. Видео

Башкы машыктыруучу Ханс-Дитер Фликтин шакирттери бул мелдешиндеги бардык 11 оюнду жеңип, өзүнчө рекорд жаратуу менен чемпион болду. Мюнхендиктер УЕФА турниринин быйылкы сезонунда 43 гол киргизди. Бул жакынкы атаандаштан 18 топко көп көрсөткүч.

"Бавария" эми Европа лигасы мелдешин уткан испаниялык "Севилья" клубу менен УЕФАнын Суперкубогу үчүн ойнойт. Беттеш Будапешт шаарында 24-сентябрга белгиленген.