Пандемия учурунда мугалимдер чымырканып иштеди. Өзгөчө айыл жериндеги педагогдорго оор болду. Мындай пикирин Кеңешбек Сайназаров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мугалимдердин аралыктан окуткан эмгегине тиешелүү деңгээлде көңүл бурулбай калды.
"Коронавирус күтүлбөгөн жерден каптап педагогдор аралыктан билим берүүгө аргасыз болушту. Буга мугалимдер өздөрү да, окуучулар да психологиялык, социалдык жактан анчейин даяр эмес эле. Бирок ошого карабай окутуучулар чымырканып иштеди. Кыска убакытта көп жаңы нерселерди өздөштүрүү менен балдардын билим алуусун үзгүлтүккө учуратпоого аракеттеништи. Бул кадамдарынын акыбети кайтып, өлкө аймагында билим берүүдө чоң көйгөйлөр жаралган жок. Пандемияда дарыгерлер кандай күрөшкө чыгышса, мугалимдер да алардан кем эмес эмгек жасашты. Бирок, тилекке каршы, педагогдордун иши керектүү даражада бааланбай калды. Өзгөчө элеттик мугалимдер психологиялык, социалдык көмөккө муктаж бойдон калууда", — деди Сайназаров.
Ал 2020-2021-окуу жылында да бул маселе ачык бойдон калып жаткандыгын кошумчалады.