БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Мектеп мугалимдери жана жогорку окуу жайларынын (ЖОЖ) окутуучуларына 24-30-август күндөрү онлайн окутуу усулдары боюнча вебинарлар сериясы өткөрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Иш-чараны министрлик менен "Онлайн университет" биргеликте уюштурары айтылды. Вебинарларда онлайн окутуу программалары жана алардын түрлөрү, өзгөчөлүктөрү, функциялары тууралуу практикалык негизде кенен маалыматтар берилет.
1-класстар мектепке күн сайын барып окумай болду
"Видео сабак даярдап жаздыруу жана аны онлайн-ресурстарга жайгаштыруу, онлайн-сабак жана сынактарды уюштуруу ыкмалары үйрөтүлөт. Ошондой эле сабакты кызыктуу жана эсте каларлык презентациялоо ыкмалары, камеранын алдында туруп сүйлөө эрежелери жана сторителлинг сыяктуу заманбап педагогикалык ыкмалар тууралуу маалыматтар сунушталат", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, мугалимдер үчүн зарыл болгон дикция жана үндүн тембрин жакшыртууга багытталган базалык көнүгүүлөр көрсөтүлүп, сүйлөө учурунда туура дем алуу техникасын, интонацияны байытуунун көндүмдөрүн, кыргыз тилинин негизги орфоэпиялык (туура сүйлөө) нормалары тууралуу пайдалуу маалыматтар берилет.
Вебинарлардын убакыт-сааты:
24-август, 17.00-18.30
- "Active Presenter менен видео сабак жаздыруу" — Рита Исмаилова
- Вебинарга катышуу шилтемеси
25-август, 17.00-18.30
- "Google Classroom менен онлайн-сабак өтүү жана онлайн-сынак уюштуруу" — Мирлан Нуркамилов
- Вебинарга катышуу шилтемеси
26-август, 17.00-18.30
- "Презентация жасоо ыкмалары жана Zoom Breakout Rooms" — Назима Туланова жана Элира Турдубаева
- Вебинарга катышуу шилтемеси
27-август, 17.00-18.30
- "Видео сабакты редакциялоо жана онлайн-ресурстарга жайгаштыруу" - Мирлан Нуркамилов
- Вебинарга катышуу шилтемеси
28-август, 17.00-18.30
- "Peardeck аркылуу онлайн-сабак өтүү" — Динара Абакирова
- Вебинарга катышуу шилтемеси
29-август, 17.00-18.30
- "Онлайн-сабак өтүү маданияты жана этикасы" — Айнура Кабатай кызы, Гүлзада Станалиева жана Нурсултан Станалиев
- Вебинарга катышуу шилтемеси