Лукашенко: аркы тарапка өтүп кеткен мугалимдер мектепке келбесин

Александр Лукашенко Беларуста билим берүү, мамлекеттик мектептер, идеология биринчи орунда турарын айтып, митингчилерге кошулган мугалимдер менен өзүнчө сүйлөшөрүн кошумчалады.
Sputnik

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Беларусь президенти Александр Лукашенко мектеп мугалимдерин кол салуудан сактап, ал эми өздөрү "башка лагерге" өтүп кеткен агартуучулар менен өзүнчө сүйлөшүү боло турганын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Мугалимдер тууралуу кеп мамлекет башчы билим берүү министри Игорь Карпенкону кабыл алган учурда болду.

"Мугалимдерди ар кандай кол салуулардан сактайлы. Буга чейин мугалимдерге, дарыгерлерге кол көтөрүүлөр болду. Эгер "башка лагерге" өтүп кеткендер болсо, алар менен өзүнчө сүйлөшөбүз. Беларуста билим берүү, мамлекеттик мектептер, идеология биринчи орунда турат. Иштегиси келгендерге мектептер ачык. Ал эми аны каалабагандар мектепке келбесин! Муну түз айтышыбыз керек", — деген Лукашенко.

Беларустагы шайлоо жана андан кийинки митингдер

9-августта Беларуста президенттик шайлоо өткөн. БШКнын эсеби боюнча, өлкөнүн учурдагы башчысы Александр Лукашенко добуштардын 80,1 пайызына ээ болсо, экинчи орунду 10,12 пайыз менен Светлана Тихановская ээлеген. Ал эми оппозиция шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, Тихановская Литвага чыгып кеткен.

Беларусь: Тихановская жумушчуларды митингди улантууга чакырды

Республикада башталган каршылык акциялары күч түзүмдөрү тарабынан басылып келген. Алгач нааразы болгондорго каршы көздөн жаш агызуучу газ, кулак тундурган граната жана желим октор пайдаланылган.

Өткөн аптада эл митингге бүтүндөй эмгек жамааттары менен чыккан.