Кыргызстанда ооруканада ВИЧ/СПИД жуктургандарга компенсация төлөнөт

Өзгөртүүлөр 2022-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирет. Төлөнгөн каражаттын көлөмү 100 миң сомдон төмөн болбошу керек.
Sputnik

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринде илдетти жугузуп алгандарга компенсация төлөө боюнча "Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча документке кол койду.

Документ 2022-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирет.

Аталган мыйзамга ылайык, 18 жашка толгон адамдарга, ошондой эле 18 жашка чейинки балдардын ата-энелерине ооруканаларда парентералдык жол менен илдет жуктуруп алган учурда компенсация төлөнөт. Каражаттын көлөмү 100 миң сомдон төмөн болбошу керек.

Медиктерге июль айында 396 млн сом компенсация бөлүнгөн. Облус боюнча тизме

Жобо 2005-жылдын 23-августунан тартып, ВИЧ/СПИД жугузганы аныкталган күнгө чейин жашы жете элек балдарга тиешелүү. Башкача айтканда, бул күнү "Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" мыйзамы күчүнө кирген.