"Коопсуз шаардын" экинчи этабы башталды. Камера бардык аймакка коюлат

Эске салсак, "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу үчүн тендерди Shenzhen Sunwin Intelligent Co.Ltd компаниясы утуп алган.
Sputnik

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Борбор калаанын Алыкулов менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишине "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабынын алкагында камера орнотуу иштери башталды. Бул тууралуу Маалымат технологиялары жана байланыш мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

"Бүгүн, 24-августта, тесттик режимде иштетүү үчүн Алыкулов — Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишине камералар орнотулуп жатат", — деп айтылат маалыматта.

"Ош" базарына 10 камера орнотулуп, Ленин районунда көзөмөл күчөдү

Эске салсак, "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу үчүн тендерди Shenzhen Sunwin Intelligent Co.Ltd компаниясы утуп алган. Мында өлкөнүн бардык аймактарына камералар коюлат. Жалпы 306 жерге атайын жабдуулар орнотулары, анын 266сы стационардык, 40ы көчмө камера боло турганы кошумчаланды.