Үч жашар уулу менен дайынсыз болгон келинди милиция издеп жатат

Изделип жаткан 34 жаштагы келин ушул жылдын август айынын башында байланышка чыккан бойдон кабары жок.
Sputnik

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Чүйдүн Аламүдүн райондук милициясы 34 жаштагы Маргубахан Сейитова менен анын үч жаштагы баласы Данил Сейитовго издөө салганын билдирди.

Үч жашар уулу менен дайынсыз болгон келинди милиция издеп жатат

Изделип жаткан аял уулу экөө ушул жылдын август айынын башында байланышка чыккан бойдон дайынсыз.

Маргубахан Сейитованын өзгөчө белгилери: бою 168-170 сантиметр, арык чырай, чачы кара, чап жаак. Жайкы кийимчен экени айтылат.

Данил Сейитов бою 70 сантиметр, чачы кыска, сары түстө, кулактары делдейген.

Эне-бала тууралуу маалымат билгендерди Аламүдүн райондук милициясы нөөмөт бөлүмдүн 0(312) 36-35-27, 0(312) 36-35-23, 0(999) 21-07-09, 0(709) 21-18-08, 0(550) 34-33-63, 0(778) 00-09-99 телефон номерлери аркылуу билдирип коюуну өтүнөт.