Беларустагы митинг: оппозиция шайлоону кайра өткөрүүдөн башка эмне талап коюуда

Бүгүн Минск шаарында ири каршылык акциясы өтүп жатат. Беларусь оппозициясынын Координациялык кеңеши коюлуп жаткан талаптарды айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Беларусь оппозициясынын Координациялык кеңеши президенттик мөөнөткө чектөө коюлган 1994-жылкы Конституцияны кайтарууну талап кылып жатат. Бул тууралуу Sputnik Беларусь жазды.

Эски Баш мыйзамда күчтүү парламент, президенттин чектелген укугу жана беларусь тилин жападан жалгыз мамлекеттик тил катары кароо каралган. Талап тууралуу Минск шаарында өтүп жаткан ири митингде кеңештин мүчөсү Павел Латушко билдирди.

Мындан тышкары, митингчилер президенттик шайлоону кайрадан өткөрүү жана 9-августта өткөн шайлоодогу мыйзам бузуулар менен андан кийинки көчөдөгү зомбулукту иликтөөнү талап кылып жатышат.

Латушко өз сөзүндө Координациялык кеңеш учурдагы беларусь парламентинин депутаттарын чакыртып алууну демилгелеп жатканын жар салды.

Евробиримдик Беларустагы шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, санкция киргизмей болду

Буга катар ал аталган кеңеш өлкөнүн ИИМ жетекчилигинин отставкасын да талап кыларын белгиледи. Латушконун айтымында, Тергөө комитетине Минск жана башка шаарларда өткөн акция катышуучуларына карата жасалган зомбулук тууралуу 700дөй арыз жөнөтүлгөн.

Ал эми Координациялык кеңештин президиумунун мүчөсү Мария Колесникова митингчилерди чагымчылдыкка алдырбоого чакырып өттү.

Беларустагы шайлоо жана андан кийинки митингдер

9-августта Беларуста президенттик шайлоо өткөн. БШКнын эсеби боюнча, өлкөнүн учурдагы башчысы Александр Лукашенко добуштардын 80,1 пайызына ээ болсо, экинчи орунду 10,12 пайыз менен Светлана Тихановская ээлеген. Ал эми оппозиция шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, Тихановская Литвага чыгып кеткен болчу.

Беларусь: Тихановская жумушчуларды митингди улантууга чакырды

Республикада башталган каршылык акциялары күч структурасы тарабынан басылып келген. Алгач нааразы болгондорго каршы көздөн жаш агызуучу газ, кулак тундурган граната жана желим ок пайдаланылган. Андан кийин митингдерди таркатуу токтоп калган.

ИИМдин маалыматы боюнча, акциянын алгачкы күндөрүндө 6,7 миңдей киши кармалып, жүздөгөн адам жаракат алган. Алардын арасында 120 тартип сакчысы бар экени айтылган. Митингге катышкан үч киши көз жумду.