КР аскерлери катышат. Москвада танк биатлону боюнча мелдеш старт алды

Өлкөнүн аскерлери пандемияга карабастан эл аралык танк биатлонуна даярдык көрүшкөн. Алардын күч сынашуусу эки күндөн кийин башталат.
Sputnik

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Москванын Алабино полигонунда танк биатлону боюнча эл аралык мелдеш башталды. Аскердик оюндар түз эфирден көрсөтүлүп жатат.

"АрМИ-2020" деп аталып бүгүн башталган мелдеш 5-сентярда аяктамакчы. Тогузунчу ирет өтүп жаткан сынак эң кесипкөй танк экипажын аныктайт, ошондой эле көрүүчүлөргө заманбап аскер техникасынын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп берет.

Турнирге 19 мамлекеттин аскер бөлүктөрү, анын ичинде Кыргызстан, Беларусь, Казакстан, Кытай жана башкалар катыша турганын тастыктаган.

Россиянын аскер медиктери Кыргызстандагы ишин аяктады. Узатуунун сүрөттөрү

Уюштуруучулардын айтмында, "Жеке жарыш" этабындагы чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча биринчи мелдешке Беларусь, Азербайжан, Кытай жана Сербиянын экипаждары чыгат. Кыргызстандын экипажы Россия, Казакстан жана Өзбекстан менен биргеликте 25-августта өтө турган экинчи жарышта күч сынашат.

Буга чейин Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабы аскерлер пандемияга карабай эл аралык танк биатлонуна даярдык көрүп жатканын билдирген.

Танк биатлону боюнча АрМИ мелдеши — Россияда жыл сайын өткөрүлүп келген аскердик ири иш-чаралардын бири. Ага ондогон өлкөнүн аскерлери катышат. Былтыр Россиянын, Ирандын жана Армениянын командаларынан барган өз тайпасында Кыргызстан экинчи орунду алган. Кыргызстан бул мелдешке 2013-жылдан бери катышууда.