Тик учак менен колуна автомат алып... Лукашенконун резиденцияга келген видеосу

Ок өтпөс жилет кийген президент Калашников автоматын көтөрүп жүрөт. Күзөт кызматы менен аскер адамдарынын курчоосунда резиденция жакка бет алган.
Sputnik

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Беларусь президенти Александр Лукашенко ири акциялар жүрүп жаткан маалда Минск шаарынын борборундагы Көз карандысыздык ордосуна учуп келгенин Sputnik Беларусь жазды.

Кадрлардан жерге конгон тик учактан өлкө башчынын түшкөнүн көрүүгө болот.

Лукашенко кийиминин үстүнөн ок өтпөс жилет кийип, колуна Калашников автоматын көтөрүп алган. Күзөт кызматы менен аскер адамдарынын курчоосунда резиденцияга бет алганы тартылып калган.

Беларустагы шайлоо жана андан кийинки митингдер

9-августта Беларуста президенттик шайлоо өткөн. БШКнын эсеби боюнча, өлкөнүн учурдагы башчысы Александр Лукашенко добуштардын 80,1 пайызына ээ болсо, экинчи орунду 10,12 пайыз менен Светлана Тихановская ээлеген. Ал эми оппозиция шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, Тихановская Литвага чыгып кеткен болчу.

Беларустагы митинг: оппозиция шайлоону кайра өткөрүүдөн башка эмне талап коюуда

Республикада башталган каршылык акциялары күч структурасы тарабынан басылып келген. Алгач нааразы болгондорго каршы көздөн жаш агызуучу газ, кулак тундурган граната жана желим ок пайдаланылган. Андан кийин митингдерди таркатуу токтоп калган.

ИИМдин маалыматы боюнча, акциянын алгачкы күндөрүндө 6,7 миңдей киши кармалып, жүздөгөн адам жаракат алган. Алардын арасында 120 тартип сакчысы бар экени айтылган. Митингге катышкан үч киши көз жумду.