Коронавирустан Ошто бир киши каза болду

Илдеттен сакайып үйүнө чыккандар күндө-күнгө көбөйүп барат. Бирок ошону менен катар ооруну жаңыдан жуктуруп алгандар да катталууда.
Sputnik

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Коронавирустан бир адам көз жумганын Республикалык штаб кабарлады.

Маалыматта бейтап Ош облусунда дарыланып жатканы айтылат.

Ушуну менен коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 1 056 болду.