Быйыл республика боюнча 105 миң гектар жерге жүгөрү айдалган. Учурда анын беш миң гектары жыйналып бүттү. Бул тууралуу Жигитали Жумалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 76,3 гектарга картошка эгилип, түшүмдүүлүгү 170 центнерден бааланууда.
"Биздин дыйкандар былтыр да жүгөрүдөн жакшы киреше таап, Өзбекстан, Тажикстанга экспорттошкон. Быйыл да жалпысынан 105 миң гектарга себилген жүгөрүдөн 1 миллион 340 миң тонна түшүм күтүп жатабыз. Бул ички рынокту камсыздаганга жана экспортко чыгарууга да жетет. Мындан сырткары, 76,3 миң гектарга картошка айдалган. Мурда 79 миңге чейин эгилчү, бирок картошка сатылбай, дыйкандарыбыз жабыр тарткандан бери аянты кыскартылган. Ошого карабай быйыл түшүм мол", — деди Жумалиев.
Адис жашылча-жемиш түшүмүнүн жакшы болуусуна тамчылатып сугаруу негизги себеп экендигин кошумчалады.