Өмүрбек Суваналиевдин ыйгарым укуктары токтотулду

Өмүрбек Суваналиев парламенттик шайлоого аттангандыктан убактылуу кызматтан четтетилди. Мындай буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Sputnik

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиевдин кызматтык ыйгарым укуктары токтотулду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Мындай буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

“Кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруу 2020-жылдын 22-августунан тартып шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин токтоду”, — деп айтылат билдирүүдө.

Ушул эле себеп менен буга чейин президенттин жана өкмөттүн иш башкаруучусу Турдуназир Бекбоев менен өлкө башчынын Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаевдин ыйгарым укуктары токтогон.