Радио

Жекшенкулов: Россия КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң көп жардамды Кыргызстанга берди

Россиядагы Кыргызстандын элчиси Аликбек Жекшенкулов эки өлкөнүн ортосундагы алаканын бекемдиги коронавирус пандемиясы учурунда таасын байкалгандыгын айтты.
Sputnik
Жекшенкулов: Россия КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң көп жардамды Кыргызстанга берди

Россия пандемия учурунда КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанга көп тараптуу жардам көрсөттү. Бул тууралуу Аликбек Жекшенкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып маалымдады.

Анын айтымында, көрсөтүлгөн жардамдардын бардыгы эки өлкөнүн президенттеринин деңгээлинде чечилген.

“Россия Кыргызстанга медициналык каражаттарды жеткирүүдө, дары-дармек, авиакаттам жагынан болобу, айтор, көп тараптуу жардамын берип жатты. Ошол эле Башкыртостан же Чеченстандын жиберген гуманитардык көмөктөрү Кремль аркылуу чечилген. Бул эки өлкөнүн көп жылдардан бери бекемделип келе жаткан алакасын түшүндүрөт”, — деди Жекшенкулов.

Элчи ошондой эле алдыда дагы бир топ долбоорлор боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын кошумчалады.