Өзбекстан эми атайын автоунааларды чыгара баштайт

Автоунаалар Жизактагы заводдо ушул жылдын төртүнчү кварталында чогултула баштайт. Өзбекстан өз муктаждыгынан тышкары коңшу мамлекеттерге дагы эскпорттоону пландап жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Өзбекстанда атайын автоунаалар чыгарыла баштайт. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Volkswagen, Isuzu жана Škoda маркасындагы унаалардын негизинде алгачкы үлгүлөрү жасалып чыгып, автомашиналар президент Шавкат Мирзиёевдин назарына сунушталды.

"Орус керемети": 50 жыл илгери "Жигули" чыккан

Иш-чарада мамлекет башчысы жаңы техникалар ички суроо-талапты камсыздап жана чет мамлекетке сатууга мүмкүнчүлүгү болушу керектигин айтты.

"Өзбекстанда жеңил жана оор автомашиналарды чыгаруу жолго салынган. Эми атайын техникалар чыгарылып, мужтаж болгон тармактарды толтуруу зарыл. Азыр андай унааларга коңшу мамлекеттерде да суроо-талап жогору", — деди өлкө башчы.

Аталган унаалар Жизактагы заводдо ушул жылдын төртүнчү кварталында чогултула баштайт. Ал эми 2022-жылы өндүрүштү толугу менен жолго коюу пландалууда.