Кичине бала деп ойлоп... Бразилиянын президенти эргежээлди көтөрүп алган видео

Бразилиянын президенти Жаир Болсонару эргежээл кишини кичине бала деп ойлоп көтөрө калып социалдык тармакта күлкүгө калды.
Sputnik

Видеону интернетте аз убакыт ичинде 2,3 миллион жолу көрүштү.

LaPolitica Online порталынын жазганына караганда, өлкө башчы 17-август күнү Сержипи штатындагы электр станциясынын ачылышына барган. Эл арасында жүргөн эргежээл жаранды президент бийик көтөргөн.

Качан гана жардамчылары ал бала эмес экенин айтканда жерге койгон. Кадрларда ал киши дагы өзүн жоготпой, президентти колдоп, элге шаңдуу кол булгалаганын көрүүгө болот.