БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын турак жай-коммуналдык чарба боюнча вице-мэри Мирлан Амантуров ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Аткаминер өз ыктыяры менен арыз жазып кеткен. Ал Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин коюп, шайлоого аттанганы белгиленет.
КСДПнын чачыраган мүчөлөрү. Кимиси кайсы партиядан орун-очок алды
Амантуров 2019-жылдын октябрь айында вице-мэр болуп дайындалган. Ага чейин "Бишкек асфальт сервис" муниципалдык ишканасын жетектеген.
Эске салсак, парламенттик шайлоону 2020-жылдын 4-октябрында өткөрүү пландалган.