Оштун Араван каналына чөккөн эки жаш баланын сөөгү бир күндөн кийин табылды

Издөө иштерине 22 куткаруучу тартылып бүгүн эртең менен саат 7.30да бир баланын сөөгүн, экинчисин саат 9.35те табышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Ош шаарындагы Араван каналына чөгүп кеткен эки жаш баланын сөөгү табылды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, 20-август күнү Туран кичи районунда Күрөңкеев жана Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Араван каналына тогуз жана сегиз жаштагы балдар чөгүп кеткен.

Шамырканов: аймактарда куткаруучулардын жабдуусу жетишсиз

Издөө иштерине 22 куткаруучу тартылып, бүгүн, 21-августта, саат 07.30да тогуз жаштагы баланын, саат 9.35те сегиз жаштагы баланын сөөгү табылган. Кутаруучулар аларды туугандарына өткөрүп бергени айтылат.