Кубатбек Боронов бүгүн-эртең Ысык-Көлдү кыдырат. Сапардын максаты

Өкмөт башчы "Таза суу" долбоорунун жүзөгө ашырылышы жана оорукананын имаратын оңдоо иштери менен таанышат.
Sputnik

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Премьер-министр Кубатбек Боронов Ысык-Көл облусуна эки күндүк жумушчу сапар менен барат. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, өкмөт башчы 21-22-август күндөрү социалдык объектилердин абалы, ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды тазалоочу жайларын куруу иштери, "Таза суу" долбоорунун жүзөгө ашырылышы жана күзгү оруп-жыюу жумуштарынын жүрүшү менен таанышат.

Нарында 1,8 миллиард сомго бааланган канал курулат. Президент долбоорду көрдү

Мындан сырткары, Боронов Каракол шаарындагы 120 орундуу бала бакчанын курулушу жана Чолпон-Атадагы Ысык-Көл райондук ооруканасынын жугуштуу илдеттер бөлүмүнүн имаратынын оңдоо иштерин жеринен көрүп кайтат.