Бишкекте эркек кишини бир учурда эки унаа коюп кетти. Окуянын видеосу

Автоунаа сүзгөндөн кийин ыргып түшкөн кишини жолдун каршы тилкесинде келе жаткан экинчи машина тебелеп кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Борбор калаада эркек кишини автоунаа коюп кетти. Кырсыктын видеого тартылып калган ирмемдерин "Короче" Telegram-каналы жарыялады.

Окуя кечээ кечинде Кара-Жыгач конушундагы Анкара жана Дордой көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Кадрдан автоунаа кишини сүзгөндө ыргып кеткенин, бул учурда жолдун каршы тилкесинде келе жаткан экинчи машина дагы аны тебелеп кеткенин көрүүгө болот.

Бишкек — Ош унаа жолунда кагышкан унаалар өрттөнүп, бир киши көз жумду

Кырсыктын күбөлөрү жабырлануучуну биринчи койгон Mitsubishi Delica унаасынын айдоочусу качып кеткенин айтууда.

Шаардык милициянын Кайгуул кызматы жол кырсыгы болгонун тастыктап, азырынча окуянын чоо-жайын айта элек.