Россиянын аскер медиктери Кыргызстандагы ишин аяктады. Узатуунун сүрөттөрү

Полковник Кирешеевдин айтымында, россиялык дарыгерлердин келиши Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы достук мамиленин, ишеним жана стратегиялык өнөктөштүктүн жогорку деңгээлде экендигинен кабар берет.
Sputnik

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Россиянын Коргоо министрлигинин медицина кызматкерлеринин тобу Кыргызстанда COVID-19 менен күрөшүүдө комплекстүү жардам көрсөтүү миссиясын аяктагандыгын КРдин Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы билдирди.

Дарыгерлер Канттагы авиабазадан узашты.

Россиялык дарыгерлердин миссиясы аяктап, мекенине кайтып кетишти. Сүрөттөр

Бишкектеги жана Оштогу аскердик госпиталда бир ай бою пульмонолог, анестезиолог жана терапевттерден турган 19 медицина кызматкери 400дөн ашык бейтапка медициналык жардам көрсөтүшкөн.

Кыргызстандык кесиптештери менен катар россиялыктар да госпиталдын эң оор жандандыруу бөлүмүндө, интенсивдүү палатада жана терапияда ооруларды карап, нөөмөттө турушту. 

Россиянын аскер медиктери Кыргызстандагы ишин аяктады. Узатуунун сүрөттөрү

Муну менен катар эпидемияга каршы санитардык иштерди уюштурууда жана бейтаптарды көзөмөлдөө тактикасында тажрыйбалары менен бөлүшүп, методикалык сабактарды өтүшкөн.

Медиктерди узатууда КРдин Куралдуу Күчтөрүнүн полковниги, Генштабдын башчысы Нурлан Кирешеев белгилегендей, жарым жылдан бери дүйнө жүзүндөгү бардык медиктер жаңы вирус менен күрөшүүдө өз жанын аябай эрдик көрсөтүүдө.

COVID: россиялык вакцинанын нускамасы жарыяланды

"Ушундай оор мезгилде Россиянын Коргоо министрлиги Кыргызстанга аскер медиктеринин бригадасын жабдуусу менен жөнөтүп бизге колдоо көрсөттү. Бул Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы достук мамиленин, ишеним жана стратегиялык өнөктөштүктүн жогорку деңгээлде экендигинен кабар берет",— деди Кирешеев.

Гуманитардык миссияны татыктуу аткаргандыгы үчүн россиялык дарыгерлер Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн медаль жана грамоталары менен сыйланды.