Жээнбеков Кочкордогу сүт иштетүүчү ири заводдун курулушун көрдү. Сүрөт

Завод бир суткада 10-20 тонна сүттү кайра иштетип, Кочкор жана Жумгал райондорунун фермерлерине сүт сатууга мүмкүнчүлүк берери айтылат.
Sputnik

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кочкор районундагы сүт иштетүүчү ишкананын курулушу менен таанышты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, мурдагы ишкана кеңейтилип, жалпы сметалык баасы 72 миллион сомду түзгөн эл аралык стандарттагы жаңы сүт заводу курулуп жатканы айтылат.

"Өндүрүш сүттү кайра иштетүүнү суткасына 10-20 тоннага чейин жеткирип, 100-150 жаңы жумушчу орундарын түзөт, ошондой эле Кочкор жана Жумгал райондорунун фермерлерине сүт сатууга мүмкүнчүлүк берет. Буга чейин ишканага насыялык колдоону "Айыл Банк" көрсөтүп келген. Долбоорду толук жүзөгө ашыруу үчүн дээрлик 26 миллион сом кошумча каражат талап кылынат", — деп айтылат маалыматта.

Жылына 8 тонна. Баткенде өрүктү кайра иштеткен логистикалык борбор курулууда

Жээнбеков Кочкордогу сүт иштетүүчү ири заводдун курулушун көрдү. Сүрөт

Президент Жээнбеков аймактардын экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошуп, жергиликтүү калкты жумуш орду менен камсыз кылган ишкананын ийгиликтерин канааттануу менен белгилеген. Ошондой эле мамлекет региондордо ишкердикти колдоого өзгөчө көңүл буруп жатканын эске салган.

Жээнбеков Кочкордогу сүт иштетүүчү ири заводдун курулушун көрдү. Сүрөт
"Мамлекет менен инвесторлордун каражаттары орто жана чакан ишканаларды колдоого багытталууда, бул келечекте өлкө экономикасынын бирдиктүү өнүгүшүнө кепилдик берет", — деди президент.

Маалыматка ылайык, Россия-кыргыз өнүктүрүү фондуна, "Айыл Банк" банкына жана "Кепилдик фонду" ААКсына ушул жылдын сентябрь айына чейин сүттү кайра иштетүүчү заводдун курулушун бүткөрүү үчүн жеңилдетилген каражат бөлүү сунушталган.