MegaCom жетекчиси кызматтан кетип, милдетин экс-министр аткара баштады

Компаниянын генералдык директору Акылбек Жамангулов парламенттик шайлоого катышканы жатат. Ал ишкананын башчылыгына 2018-жылдын октябрь айында келген эле.
Sputnik

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. "Альфа Телеком" (MegaCom соода маркасы) ишканасынын башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп Абдылда Суранчиев дайындалды. Бул тууралуу уюлдук оператордун маалымат кызматынан билдиришти.

"Башкы директор Акылбек Жамангулов парламенттик шайлоого катышып жаткандыктан, өз кызматын тапшырды. 19-август жетекчинин милдетин аткаруучу болуп биринчи орун басары Абдылда Суранчиев дайындалды", — деп айтышты маалымат кызматтан.

Суранчиев 2013-2014-жылы ИИМди жетектеген. Андан соң MegaCom компаниясынын башкы директорунун орун басары болуп келген.

Өзгөндүн акими Ош облус башчысынын биринчи орун басары болуп дайындалды

Эске салсак, "Альфа Телеком" ЖАКынын акцияларына Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду ээлик кылат.