Нарында 1,8 миллиард сомго бааланган канал курулат. Президент долбоорду көрдү

Курулуш иштерин кийинки жылы баштап, беш жылдын ичинде бүтүрүү пландалган. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков каналдын курулушунун долбоору менен таанышты.
Sputnik

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Нарын районунда маанилүү делген Куланак каналынын курулушу башталарын президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, 5 миң гектар жерди сугат суу менен камсыз кылып, 2 миң гектар жаңы жерди өздөштүрүүнү шарттайт. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-августта, Нарынга болгон иш сапарынын алкагында каналдын курулушунун долбоору менен таанышкан.

Нарын: резонанс жараткан контейнер мектептин ордуна жаңы имарат курулуп жатат

Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиевдин айтымында, Куланак насостук станциясы 48 жылдан бери пайдаланылып келген, учурда эскилиги жетти.

"Долбоордун болжолдуу сметалык наркы — 1,8 миллиард сом. Ушул тапта техникалык-экономикалык негиздемеси жасалып бүттү. Курулуш иштерин 2021-жылы баштап, 2026-жылга чейин бүтүрүү пландалган", — деп айтылат маалыматта.

Президент долбоорду ишке ашыруу аймакты экономикалык жактан өнүктүрүүгө жана жергиликтүү калктын жашоо-турмушун жакшыртууга күчтүү стимул болорун белгилеген.