Нарын: резонанс жараткан контейнер мектептин ордуна жаңы имарат курулуп жатат

Былтыр Нарындын Кеңеш айылындагы мектеп авариялык абалда болгондуктан окуучулар контейнерлерден тургузулган үйдө окуп, бул коомчулукта кызуу талкуу жараткан.
Sputnik

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Нарын районунун Кеңеш айылындагы контейнерлерден тургузулган мектептин ордуна жаңы мектеп курулуп жатканын президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-августта, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында 150 окуучуга эсептелген орто мектептин жаңы имаратынын курулушунун жүрүшү менен таанышып чыккан.

"Мектепти куруп жаткан подрядчыларга кайрылган мамлекет башчы курулушту ушул жылы бүткөрүү зарыл экенин айтты. Ошондой эле мезгил талабына ылайык, бардык аймактарда заманбап стандарттарга жооп берген жаңы мектептерди куруунун маанисине токтолду", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, Жээнбеков пандемия билим берүү чөйрөсүнө жаңы милдеттерди аныктагандыгын кошумчалап, мындан улам санариптештирүү процессине өзгөчө көңүл бурууга чакырган.

Жээнбеков Кочкордогу сүт иштетүүчү ири заводдун курулушун көрдү. Сүрөт

Эске салсак, Кеңеш айылындагы мектептин мурдагы имараты 1971-жылы салынып, учурда авариялык абалда турат. Өткөн жылы окуучулар контейнерлерден тургузулган мобилдүү мектепте окууга аргасыз болуп, бул коомчулукта резонанс жараткан. Жергиликтүү тургундар жаңы мектеп куруп берүү өтүнүчү менен кайрылып, ушул жылы курулуш иштери башталган.