БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Кыргызстандагы 2 292 мектеп жаңы окуу жылына даяр экендигин Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, жай мезгилинде республикалык бюджеттин эсебинен бардык мектептер план боюнча оңдолгон.
"Эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен жаңы окуу жылынын башталышында билим берүү уюмдарынын имараттарында санитардык тазалоо иштери жүргүзүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги сентябрь айына 11 билим берүү объектисин пайдаланууга берүүнү пландап жатканы кошумчаланды.
Министрлик студенттерди онлайн окутуу кандай форматта жүрөрүн түшүндүрдү
Белгилей кетсек, 1-сентябрда биринчи класстар гана мектепке барат. Калган окуучуларды биринчи чейректе аралыктан окутуу чечими кабыл алынды. Эгер эпидемиологиялык кырдаал жакшырып калса, экинчи чейректе мектептердин эшиги ачылып калышы ыктымал.