Кыргызстанга чет элдиктердин келишине уруксат берилди. Шарт-талабы бар

Үстүбүздөгү жылдын март айынын аяк ченинде коронавирус кооптуулугунан улам чет мамлекеттер менен каттамдар жабылган.
Sputnik

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Кыргызстанга чет мамлекеттин жарандарынын жана жарандыгы жок жактардын кирүү шарттары жөнөкөйлөштүрүлдү. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын март айынын аяк ченинде чет мамлекеттер менен каттамдар токтотулган.

Элчилик: Түркия Кыргызстан менен авиа байланышты жандантты

Өкмөттүн жаңы чечимине ылайык, өлкө аймагына төмөнкү категорияга кирген чет элдиктер келе алат:

  • Кыргызстандын жогорку окуу жайларында окуган чет мамлекеттердин жарандары. Алар окуу жайдан берилген маалым катын көрсөтүшү керек;
  • КРде туруктуу жашап турууга уруксаты бар чет мамлекеттердин жарандары жана жарандыгы жок адамдар;
  • Медициналык мекемелерде дарыланууга келген чет өлкөлүктөр (документ менен ырасталган шартта);
  • Жакын туугандарынын аза күтүү иш-чараларына катышууга келген чет элдиктер. Ошол эле учурда алардан жакын туугандык байланыштары жана каза болгондугу тууралуу ырасталган документ талап кылынат.

Мындан тышкары, экономиканы жөнгө салуунун алкагында чет өлкөлүк жарандарды этап-этабы менен өткөрүүнү жандантуу тууралуу чечим абыл алынганы айтылды.

Россия Кыргызстан менен авиабайланышты качан жандантарын айтты

Эпидемиологиялык абалдын турукташуусуна жараша Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан чет мамлекеттердин тийиштүү тизмеси бекитилет. Ал айына эки ирет — айдын башында жана жарымында каралып турат.

Натыйжада тизмеге кирген чет элдиктер КР мыйзамдарында бекитилген тартипте өлкөнүн чек арасынан өтө алат.