Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арадагы жаштары Сохто мелдешти. Сүрөт

Эки өлкөнүн тургундары теннис, шахмат жана футбол мелдештеринде күч сынашкан. Турнир кечээ Өзбекстандын Сох районунун аймагында уюштурулган.
Sputnik

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арага жакын аймактагы жаштары спорттук мелдеш өткөрүп, достукту бекемдегенин өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Мелдеш кечээ, 19-августта, Өзбекстандын Сох районунун аймагында уюштурулуп, ага Кадамжайдын Айдаркен шаары менен Бирлик айылынан 25 спортчу катышкан. Коңшу тараптан Сох районунун жаштары күч сынашкан.

Мирзиёев өзбек элин Кыргызстан менен сый болууга чакырды

"Спорттук иш-чара эки облус элинин ынтымагын, кошуналык жакын мамилесин бекемдеп, жаштар арасында достукту чыңдоо максатында уюштурулду. Анда балдар теннис, шахмат, футбол ойноп, Баткендин жаштары теннис жана шахмат боюнча жеңүүчү болду. Ал эми футбол боюнча мелдеште эки команда тең чыгып, достук жеңгендиги белгиленди", — деп айтылат маалыматта.

Мелдеш салтанаттуу түрдө жыйынтыкталып, тараптар бири-бирине каалоо-тилек, жылуу пикирлерин билдирип, сыйлыктар тапшырылган.