Өткөн суткада 289 киши коронавирустан айыгып, кайра 182 жаран жуктуруп алды

Өкмөт Кыргызстандагы эпидемиологиялык абал акыркы жума ичинде оң динамиканы көрсөтүп турганын билдирди. Бүгүн дагы вирус жуктургандарга караганда андан сакайып кеткендердин саны көбүрөөк.
Sputnik

БИШКЕК,20-авг. — Sputnik. Кечээ Кыргызстанда 289 бейтап коронавирустан сакайып чыкса, 182 кишинин вирусту жугузуп алганы белгилүү. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Сакайып кеткендерди аймактар боюнча бөлүп карай турган болсок, жагдай төмөнкүчө:

  • Бишкекте – 106;
  • Ошто – 20;
  • Чүй облусунда – 19;
  • Ош облусунда – 40;
  • Нарын облусунда – 10;
  • Ысык-Көл облусунда – 29;
  • Жалал-Абад облусунда – 29;
  • Баткен облусунда – 36.

Ал эми жаңы жуктуруп алгандар бул райондордо катталды:

  • Бишкекте — 23;
  • Ошто – 7;
  • Чүй облусунда – 23;
  • Ош облусунда — 20;
  • Талас облусунда – 9;
  • Нарын облусунда – 6;
  • Ысык-Көл облусунда – 13;
  • Жалал-Абад облусунда – 44;
  • Баткен облусунда — 37.

Республика боюнча коронавирустан айыккандардын саны 35 486 киши болду. Жуктургандар жалпысынан 42 507ге жетти.