Көк бөрү: президенттин кубогу үчүн мелдеш октябрга жылдырылды

Мындай чечим өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу тийиштүү тараптардын биргелешкен макулдашуусу менен кабыл алынган.
Sputnik

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Өлкө эгемендүүлүгүнүн күнүнө арналып 31 -августта өтчү көк бөрү боюнча президенттин кубогу үчүн мелдеш октябрь айына жылдырылды. Маалыматты Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын башкы катчысы Кубат Аскарбеков Sputnik агенттигине тастыктады.

Мындай чечим өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу кабыл алынган.

Netflix көк бөрү жөнүндө фильм тартты. Трейлери

"Бул чечим Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги, президенттин аппараты жана өлкөнүн Көк бөрү федерациясынын биргелешкен макулдашуусунан кийин кабыл алынды. Акыркы он күндөн бери кырдаалга байкоо салып, ушул чечимге токтолдук", — деди Аскарбеков.

Өткөн жылы Чолпон-Ата шаарындагы ат майдандагы мелдеште "Достук" (Ош) менен "Ынтымак" (Талас) командалары финалга чыгып, 3:2 эсебинде Оштун командасы жеңишти илип кеткен.

Үчүнчү байгелүү орунду Чүйдүн "Сары-Өзөнү" ээлеген.