Жумага карата аба ырайы

21-августта түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын жаабайт.
Sputnik

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Жума күнү, 21-августта, күндүз өлкөнүн тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, ал эми дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +25...+30, Талас аймагында +24...+29, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28...+33 градус болору айтылды.

Күндүн табы борборубуз Бишкекте +28...+30, Ошто +30...+32 болсо, ал эми Чолпон-Атада +21...+23 градусту түзөт.